top of page

МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БАГЫТЫНДАГЫ АДИСТЕРДИ
ДАЯРДООДО СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТӨРДҮН РОЛУ

2017-жылдын 22-декабрында Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин «Маалымат системалары жана технологиялары» кафедрасында “Мамлекеттик тилди маалымат технологияларында колдонуу жана   маалымат технологиялары багытындагы адистерди даярдоодо социалдык өнөктөштөрдүн ролу” аттуу тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столго «УЛУТ Софт», AVN, GTS, Saima Telecom, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт архитектура университетинин колдонмо информатика кафедрасынын окутуучулары жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкери  катышты.
Отурумдун пландары:
1. Мамлекеттик тилди маалымат технологияларында колдонуу;
2. Маалымат технологиялары багытындагы адистерди даярдоодо социалдык өнөктөштөрдүн ролу;
3.  «Маалымат системалары жана технологиялары» багытындагы магистирлерди даярдоонун билим берүү программаларынын максаттарын талкуулоо.
     Келген коноктор билим берүү программасынын жана мамлекеттик тилде керектүү мобилдик тиркемелер, веб-сайттар, windows программалар  жетишсиз экендигин белгилешип, пикирлерин сунушташты. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкери мамлекеттик тилдин өнүгүшүндө маалымат технологияларынын ролу чоӊ экендигин баса көрсөтүп, студенттердин кыргыз тилинде аткарган курстук жана бүтүрүүчү квалификациялык иштеринин ошондой эле долбоорлорунун санын көбөйтүү керек экендигин белгиледи.
Жолугушууда кафедранын башчысы Мекенбаев Б.Т. кафедранын аткарып жаткан иштери боюнча катышуучуларга кыскача маалымат берди.  Маалымат технологиялары багытындагы адистерди даярдоодо социалдык өнөктөштөрдүн ролу боюнча кафедранын мүчөлөрү жана коноктор арасында чоӊ талкуу болду. «УЛУТ Софт» компаниясынын башкы директору Окенов Мирбек жана AVN компаниясынын башчысы Бабаев Бектурган жаңы маалыматтык технологиялар багытындагы адистерди даярдоодо ишкерлердин ролу чоӊ экендигин айтышты. Билим берүү программасынын максаттарын түзүүдө социалдык өнөктөштөрдүн ролу чоӊ. Ошондуктан бул суроо чоӊ талкуу жаратты. Отурумда сунуш кылынган пикирлердин негизинде аталган окуу жайдын деңгээлинде  билим берүү программасынын максаттары кабыл алынды. Отурумдун жыйынтыгында социалдык өнөктөштөр кафедра менен мындан ары тыгыз
байланышта иштөө жөнүндө чечим кабыл алышты.

Студенттер жана жаштар арасында программалоо боюнча

«Мамлекеттик тил -  технологиянын тили» аттуу ачык сынагы

bottom of page